Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

DR: Батыш Путинге күтүүсүз жагымдуу белек даярдап жатат

Басылма америкалык Конгресстин Украинага колдоосу улам солгун тартып бара жаткандыгын жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 30 ноя — Sputnik. Басылма америкалык Конгресстин Украинага колдоосу улам солгун тартып бара жаткандыгын жазды.Евробиримдиктин башчыларынын декабрдагы саммитинен кийин Россияны жагымдуу кабар күтүшү мүмкүн экенин даниялык DR басылмасы кабарлады.
Украинанын ЕБге кирүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн башталышы декабрь саммитинде кийинки жолугушууга чейин жылып кетиши мүмкүндүгүн, ал март айында болорун жазышты.
"Жазында Европалык комиссия Киевдин мүчөлүккө киришиндеги прогресс боюнча доклад даярдайт. ЕБ лидерлери аны күтөрү турган иш. Жыйынтыгында декабрь саммити классикалык компромисс менен аякташы мүмкүн. Украинага ЕБдин жардам көрсөтүү боюнча жагдайы боюнча кеп кылсак, Владимир Путинге Брюсселден жасалган мындан артык жаңы жылдык белек болбойт", — деп айтылат макалада.
Авторлор келерки жылы АКШда боло турган шайлоону эске салып, бул да Россиянын Украина менен тирешинде маанилүү колдоо болушу мүмкүндүгүн жазышты.
"Киев үчүн ЕБ менен компромисске келүү жүрөгүн ооруткан жеңилүү болушу мүмкүн. АКШ Конгрессинин Украинага жасаган көмөгү азая баштаганы көрүнүп калды. Эгерде президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңсе, окуя кандай өңүт ала турганы өзүнчө бир чоң суроо. Бирок америкалыктар мурдагысындай эле Киевге аскердик жардам көрсөтө берген күндө да конгрессмендердин оюнда Украинага бериле турган жардам европалыктардын мойнуна түшүшү керек. Бул Украинанын экономикасы такыр эле талкаланып калбашы үчүн жасалат", — деп жыйынтыкталат макала.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: курал-жарак берүү кыскарып, Киев кыйнала баштады