Патент келсин! Бүгүн "Дордой" базарындагылар да митингге чогулушту. Видео

Соодагерлер бийликтин салык саясатына нааразы экенин айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте "Дордой" базарында соода кылгандар митингге чогулушту.
Соодагерлер бийликтин салык саясатына нааразы экенин айтып, 1-январдан тарта жоюла турган патент системасы менен иштөөнү улантууну талап кылышууда. Митингге чыккандардын кээ бири контейнердин ижара акысын төлөй албай жатканын, бийлик сунуштап жаткан өзгөчө зонадагы салыктык режим аларга туура келбей турганын айтышкан.
Социалдык тармакка тараган видеодон көрүнүп тургандай, чогулгандар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышууда. Ушундай эле талап менен "Орто-Сай" жана "Мадина" базарында иштегендер да нааразычылык акциясына чогулуп жатканы боюнча маалымат түштү.
Кечээ ККМ аппаратын колдонууга каршы Ош облусундагы "Кара-Суу" базарындагылар митинг уюштурушкан.
Инвестиция жаатында жаңы мыйзам жазылды. Чоо-жайы тууралуу маек