Беларуста өткөн КМШ кеңештеринин биринин жыйынына Султанбаев төрагалык кылды

Иш-чарада Шериктештиктин алкагында өз ара кызматташып, иштешүүнүн маанилүү маселелери талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Минск шаарында КМШнын аткаруу комитетинде аталган уюмга мүчө мамлекеттердин уставдык жана башка органдарынын алдындагы Туруктуу өкүлдөрдүн кеңешинин отуруму болду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Минск шаарында КМШнын аткаруу комитетинде аталган уюмга мүчө мамлекеттердин уставдык жана башка органдарынын алдындагы Туруктуу өкүлдөрдүн кеңешинин отуруму болду
Ага Кыргызстандын Беларустагы элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу өкүл Эрбол Султанбаев төрагалык кылган.
Иш-чарада Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында өз ара кызматташып, иштешүүнүн маанилүү маселелери талкууланганы айтылды.
Ошондой эле КМШнын Туруктуу өкүлдөр кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылдын 13-декабрында өткөрүү чечими кабыл алынган. Анда Султанбаевдин "Кыргыз Республикасынын КМШга кылган 2023-жылдагы төрагалыгынын жыйынтыктары жөнүндө" маалыматын угушат.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Жети мамлекеттин депутаттары чогулган жыйын кандай өттү? Видео