Алматыда хостел өрттөнүп 13 киши каза болду

Алдын ала маалымат боюнча, адамдар иске ууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Алматыда хостелден өрт чыгып, анын кесепетинен 13 киши көз жумганын шаардын Өзгөчө кырдаалдар департаментине таянуу менен Sputnik Казакстан кабарлады.
"Өрт үч кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүнөн чыккан. Анын биринчи кабаты менен жер төлөсү хостел катары пайдаланылып келген. Кырсык болгон учурда 72 адам болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, адамдар иске ууланган. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматынын жети бригадасы тартылды. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.
Балыкчыда унаанын ичиндеги фейерверктер жарылып, бир адам каза болду. Видео