Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Конгрессмен АКШнын Украина боюнча планы жок экенин билдирди

АКШ 2022-жылдын февралынан бери Киевге 44 миллиард долларлык аскердик жардам жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Конгрессмен Майк Тернер Киевге жардам бөлүү сурамы бир топ кыйынчылыкка кабылганын, анын бири АКШ администрациясынын Украина боюнча так планынын жоктугу экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, "администрациянын план түзүүгө жөндөмсүздүгү" чоң көйгөй болууда.
"Конгрессте мындан аркы кадамдарыбыз, максаттарга жетүү жолдору, коюлган милдеттер талкууланып жатат", — деди Тернер Атлантика кеңешинин иш-чарасында (уюмдун Россиянын аймагында иш жүргүзүүсү колдоого алынбайт).
АКШ 2022-жылдын февралынан бери Киевге 44 миллиард долларлык аскердик жардам жөнөткөн. Администрация Конгресстен дагы 61 миллиард доллар бөлүүгө макулдук сурап жатат.
Россия буга чейин НАТО мамелкеттерине Украинага курал-жарак жөнөткөнү үчүн нота жиберген. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп жөнөтүлгөн ок-дары, техниканын бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык экс-чалгынчы: НАТО Киевди Россия менен эпке келүүгө үндөп жатат