БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Кыргызстандын желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоорун талкуулоого 30дай депутат жазылган, бирок беш-алтоо сүйлөгөндөн кийин эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев чыгып суроо-жоопту токтотуп, добуш берүүгө өтүүнү сунуштады. Аны кесиптештери колдоду.
Натыйжада ал добушка коюлуп, 66 депутат желекти өзгөртүүгө макулдугун берип, сегизи каршы болду.
Андан соң Эрулан Көкүлов желек депутаттарга таандык символ эместигин айтып, жалпы элдин чечимин эске алуу керектигин белгиледи. Ал референдум өткөрүш керек деп эсептээрин кошумчалады.
Сүйүн Өмүрзаков эмне себептен өзгөртүүнү сунуштап жатканын сурады. Буга демилгечи спикер Нурланбек Шакиев жооп берди.
Тууну өзөртүүгө каршы добуш берген депутаттар:
Нилуфар Алимжанова;
Дастан Бекешев;
Сеид Атамбаев;
Тазабек Икрамов;
Асланбек Малиев;
Кубанычбек Самаков;
Максатбек Сарбагышев;
Эмил Токтошев;
Мирлан Самыйкожо — ал добуш берүүгө катышпай калса ордуна бирөө "макул" кнопкасын басып койгонун, негизи каршы экинин айтты.
"Президент Садыр Нургожоевичтин өзүнүн кеңеши менен ушул вариант чыкты. Ал чет өлкөлөргө барганда көпчүлүк учурда "Силерде күн караманын орду канчалык? Күн караманын өлкөсүсүңөрбү?" деген суроолорду тынбай берип жатканын айтты. Анан кеңешип ушул вариантты иштеп чыктык", — деди Шакиев.
Тууну өзгөртүү демилгесин төрага Шакиев менен депутат Улан Примов демилгелеген.