Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Бекешев: тууну өзгөртүү — тарыхты өзгөртүп жазууга болгон аракет

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Тууну өзгөртүү — тарыхты өзгөртүп жазууга болгон аракет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Учурда парламентте спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов демилгелеген желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.
"Мен биздин желекти көргөн жокмун, бирок аң-сезимим менен кандай туу болбосун, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук кылбай турганын түшүнөм. Биздин көптөгөн шайлоочуларыбыз сыяктуу эле өзгөртүүнүн маани-маңызын көрө алган жокмун. Андыктан мен каршы добуш берем", — деди эл өкүлү.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Депутаттар желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктү да өзгөртүүнү сунушташууда