Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Шакиев: желекти өзгөртүүгө кеткен чыгымды демөөрчүлөр көтөрөт

Жогорку Кеңештин спикери жаңы туу кабыл алынгандан кийин мамлекеттик мекемелерде, эл аралык уюмдарда жана элчиликтерде баш-аягы 150 желек алмашарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик желегин алмаштырууга кеткен чыгымды демөөрчүлөр көтөрөрүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин отурумунда айтты.
Депутат Тазабек Икрамов аны кайрадан жасап чыкканга канча акча кетерин жана паспорттун бланкаларына жаңы желекти кимдер даярдап, жасай турганын сурады.
Шакиев мамлекеттик бюджеттен бир тыйын кетпейт деген жообун айтты.
"Демөөрчүлөр бар. Биринчи этапта алар жардам кылат", — деди ал.
Анткен менен төрага бул өзгөртүүгө кеткен чыгымды кимдер мойнуна аларын так айткан жок.
Шакиев туунун соңку варианты президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен иштелип чыкканын кошумчалады.
"Мамлекеттик мекемелерде, Бириккен Улуттар Уюму баштаган эл аралык уюмдарда, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде илинип турган жалпы 150дөй туу алмаштырылат", – деди ал.
Тууну өзгөртүү демилгесин төрага Шакиев менен депутат Улан Примов демилгелеген.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Бекешев: тууну өзгөртүү — тарыхты өзгөртүп жазууга болгон аракет