Статком: Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турганын Улуттук статистика комитети "Кыргызстандын калкынын жашоо деңгээли" басылмасында билдирди.
"2023-жылдын башына карата өлкөдө 65 жана андан жогорку курактагы адамдардын саны 378,1 миңди түзгөн. Бул жалпы кыргызстандыктардын 5,4 пайызын түзөт", — деп айтылат маалыматта.
БУУнун шкаласы боюнча, 65 жаштан ашкан адамдардын саны жалпы калктын төрт пайызынан төмөн болсо, мындай өлкөнүн калкы жаш деп саналат. Ал эми үлүш 4-7 пайыздык аралыкта турса, калк карылыктын босогосунда турат делет, эгерде жети пайыздан жогору болсо, өлкөнүн калкы улгайган деп эсептелет. Мындай эсептөөлөрдөн улам Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат деп айтылды.
Бирок бул сандар КМШнын башка өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрүнөн кыйла төмөн экени белгиленген. Мисалы, быйылкы жыл башына карата Азербайжан менен Казакстанда 65 жаштан өткөн жарандардын үлүшү 8,5 пайызды, Россия менен Беларуста 16,5 пайызды түзгөн.
"БУУнун болжолу боюнча, Кыргызстанда мындай тенденция 65 жана андан жогорку жаштагы улгайган адамдардын үлүшү жети пайызга жакындаган учурда, болжол менен 2030-жылдарда башталат", — деп белгилеген Статком.
Кыргызстандын кайсы облусунда калк жыш жайгашкан