БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоого келбеген жарандарга айып салууну караган мыйзам долбоорун артка чакыртып алды.
Бул маселе бүгүн парламенттин жалпы жыйынында каралмак. Ал документти оңдоп-түзөп, кайрадан иштеп чыгарын айтты. Мындан улам мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.
Икрамов шайлоого келбеген кыргызстандыктарга 5 миң сомдон айып салууну сунуштаган эле. Муну менен ал жарандардын шайлоолордо жана референдумдарда өздөрүнүн бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашыруусун толук камсыз кылууга ниеттенген. Жүйөлүү себеби бар адамдар гана айыпка жыгылбастыгы каралган.