Пресс-борбор

КМШ, ШКУ, БРИКС өлкөлөрү студенттерге Россияда акысыз окууга мүмкүнчүлүк берүүдө

ЕАЭБ, ШКУ, КМШ жана БРИКС өлкөлөрүнүн тармактык университеттери – бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө багытталган демилге.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. КМШ, ШКУ, БРИКС өлкөлөрүнүн тармактык университеттери студенттерге Россияда бир жыл акысыз окууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Бул тууралуу SputnikLive видеокөпүрөсү учурунда Россия Эл достугу университетинин экономика факультетинин деканы Инна Андронова билдирген.
"Тармактык окуу жайларга тапшыруу менен студенттер Россияда бир жыл акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул абдан маанилүү”, — деген ал.
Ал Армениянын жогорку окуу жайлары биргелешкен программаларга көп катышпай, Россия берген квотаны толук колдонбой жатканын белгилеген.
Тармактык университеттер – ЕАЭБ, ШКУ, КМШ жана БРИКС өлкөлөрү үчүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө багытталган демилге. Бул формат студенттерге өз өлкөсүндө да, өнөктөш өлкөдөгү окуу жайда да билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Тармактык университеттердин программаларына ылайык, студенттер бир семестр же бир жылга башка өлкөгө окууга бара алышат.
Пресс-борбор
ЕАЭБдеги интеграция адистикти жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган