Нарын: ирригация тармагында ири долбоорлор ишке ашууда. Сандар

Сугат тармагын жакшыртууга мурдагы жылга салыштырганда былтыр 85 миллион сомго көп каражат бөлүнгөн.
Sputnik
НАРЫН, 29-ноя. — Sputnik. Нарын облусунун ирригация жаатына быйыл 128 миллион сом бөлүнүп, суу чарба объектилери жакшыртылууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Бул максатка 2021-жылы 19 миллион, 2022-жылы 104 миллион сом бөлүнгөн.
1 / 4

Нарын облусунун ирригация жаатына быйыл 128 миллион сом бөлүнүп, суу чарба объектилери жакшыртылууда

2 / 4

Бул максатка 2021-жылы 19 миллион, 2022-жылы 104 миллион сом бөлүнгөн

3 / 4

Өкүлчүлүктөн ашар жолу менен салынчу суу чарба объектилеринин курулушуна мамлекет тарабынан 83,8 миллион сом каралып, курулуш иштери жүрүп жатканын айтышты

4 / 4

Мындан сырткары, 9,6 миллион долларга Жумгал районундагы Түгөл-Сай сезондук суу сактагычын куруу, ошондой эле 10,73 миллион долларга Кочкор районундагы Шамшы суу топтой турган жайы салынып жатканын билдирди

Өкүлчүлүктөн ашар жолу менен салынчу суу чарба объектилеринин курулушуна мамлекет тарабынан 83,8 миллион сом каралып, курулуш иштери жүрүп жатканын айтышты.
"Учурда Ат-Башы районундагы Шамбет каналын куруу аяктоо алдында турат. Нарын районундагы Байменде, Ак-Суу каналдарына жана Кочкор районуна сегиз скважина орнотуу боюнча тендер аркылуу материалдар алынып, жумуштар жүрүүдө", — деп билдирген маалымат кызматы.
Мындан сырткары, 9,6 миллион долларга Жумгал районундагы Түгөл-Сай сезондук суу сактагычын куруу, ошондой эле 10,73 миллион долларга Кочкор районундагы Шамшы суу топтой турган жайы салынып жатканын билдирди. Бул Айыл чарба министрлигинин суу ресурстары кызматындагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жерлерин өздөштүрүү, өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жасалууда.
Нарын районундагы Куланак каналын курууга республикалык бюджеттен 414 миллион 983 миң сомдук долбоор иштелип чыгып, бүгүнкү күндө курулуш иштери башталган. Каналдын ишке берилиши менен 5081 гектар жерге суу берүү жакшыртылып, Нарын районунан 1225, Ак-Талаа районунан 895, жалпысы 2120 гектар жаңы жерлер өздөштүрүлмөкчү.
Тамчылатып, жаадырып сугарууда түшүм сапаттуу, чыгым аз болот. Маек