Радио

Афтандилова: КМШ мектептериндеги тамак-аш форуму ийгиликтүү өттү

Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы иштеп чыккан "Мектептеги тамак-ашты оптималдаштыруу" программасынын адиси Аида Афтандилова биринчи ирет мектептеги тамак-аш маселеси масштабдуу деңгээлде каралганын айтты.
Sputnik
Бишкекте 23-24-ноябрь күндөрү КМШнын мектептеринде ысык тамак берүүнү талкуулаган форум болуп өттү. Бул тууралуу Аида Афтандилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эки күнгө созулган иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.
"Форумдун максаты мектептердеги ысык тамак берүү боюнча тажрыйба алмашуу болду. Иш-чарага президент Садыр Жапаров демилгечи болуп, мектептердеги тамак-аш алгачкы жолу кеңири форматта талкууланды. Биринчи күнү ашпозчулардын жарышы болуп, аябай шаңдуу өттү. Экинчи күнү расмий бөлүк өтүп, бир катар документтерге кол коюлду. Жыйынтыгында эми жыл сайын мектептердеги тамак-аш боюнча эл аралык форум өтүп турат. КМШ өлкөлөрү катышкан бул иш-чарадан бири-бирибизден жаңы нерселерди үйрөнө алдык. Келген коноктор бизден да жакшы тажрыйба алып кетти деп ишенимдүү айта алам", — деди Афтандилова.
Ал адамдын жашоосунда тамак-аш өзгөчө орунга ээ экенин кошумчалады.