ККМ колдонушпайт. Митингге чыккан "Кара-Суу" базарынын соодагерлери тарады

Түшүндүрүү иштеринен кийин нааразычылык акциясы токтогон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү митингге чыккан "Кара-Суу" базарынын соодагерлери менен жолугуп, ККМ аппаратын колдонуу боюнча түшүндүрмө беришти.
Алар "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларында соода кылгандарга өзгөчө зонадагы салык режими киргизилгенин дагы бир жолу түшүндүрүп, эки базарда иштегендер ККМ, эсеп-фактурасын колдонуудан бошотулганын айтышты. Түшүндүрүү иштеринен кийин нааразычылык акциясы токтоп, митингге чыккандар тарап кетишкен.
Эске салсак, бүгүн, 29-ноябрда, Ош облусунун "Кара-Суу" базарынын соодагерлери ККМ колдонууга каршы экенин айтып, райондук администрациянын алдына митингге чыгышкан.
Буга чейин Экономика министрлиги "Дордой" жана "Кара-Суу" базарлары Кыргызстандагы стратегиялык маанидеги объектилерге кирерин айтып, өзгөчө зонадагы салыктык режим "Дордой" менен "Кара-Суу" базарларында гана иштээрин белгилеген. Мындай зонада соода кылгандар көзөмөл кылган кассалык машиналарды колдонуу милдетинен бошотулары, бирок жылдык соода жүгүртүүсү тууралуу декларация тапшырып, ошого жараша салык төлөй тургандыгы айтылган.
Жаңы жылдан тарта соода жүргүзүүгө берилчү патент жокко чыгарылат