Кыргызстандын аймагында "Рулда" аталышында рейддик иш-чара жыл соӊуна чейин жүрөт. Бул тууралуу Тилек Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө издөөгө алынган унааларды, жол эрежесин бузуп тергөөдөн качкан же жол эрежесин бузуп айып төлөбөй жүргөн айдоочуларды кармоо иштери жүрүүдө.
"Рейддик иш-чара коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айдоочулук маданияттуулукту жогорулатуу, жол кырсыктарын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында ишке ашырылууда. Рейддин башталганына бир аптанын жүзү болду. Акыркы үч күндүн жыйынтыгы боюнча жол эрежеси бузулган 2 396 учур катталды. Анын ичинен унааны жол боюна туура эмес токтотуп койгон 1 500дөй факт болду. Түнкүсүн блок постторду уюштуруп, кызматкерлердин бардык кыймылдагы унааларды текшерүүсүнө шарт түзүлүп жатат. Себеби түнкүсүн мас болуп унаа айдагандар арбын болууда. Акыркы үч күндө эле 50дөн ашык мас айдоочу кармалды. Бул өтө көп болуп саналат. Иш-чаранын алкагында ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуларга жана мас болуп рулга отургандарга катуу чаралар көрүлүүдө", — деди Исаев.
Ал ылдамдыкты сактабай, адамдын өмүрүнө коркунуч туудуруп, каршы тилкеге чыгып айдагандарга 15 000 сом, мас абалында автоунаа башкаргандардын унаасы айып короого токтотулуп, анын иши райондук сотко жиберилип, күнөөсү тастыкталса күбөлүгүнөн бир жылга ажыратыларын кошумчалады.