Радио

Букуев: электрондук капчыкта айланган каражат да корголот

Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев өлкөдөгү электрондук капчыкта айланып жаткан акчанын көлөмү болжол менен 1 миллиард сомдон ашканын айтты.
Sputnik
Эми электрондук капчыктарда айланган каражаттар да корголот. Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып, президент кол койсо иштеп баштаарын Кадырбек Букуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы коммерциялык банктардын көбү электрондук капчыктарды ишке киргизип, бир топ ыңгайлуулуктар түзүлдү.
"Учурда өлкөдө калк арасында электрондук капчыкты колдонгондор көбөйдү. Бирок андагы акча мыйзам чегинде коргоого алынган эмес. Андыктан жалпы абалга анализ жүргүзүп, тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап чыктык. Жогорку Кеңештен колдоо таап, эми президент кол койсо иштеп баштайт. Анда электрондук капчыктарда айланган каражаттар корголот. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы коммерциялык банктардын көбү электрондук капчыктарды ишке киргизип, бир топ ыңгайлуулуктарды түзүп, жаш курагына карабай калк жапырт колдонуп жатат. Алсак, электрондук капчыкта айланып жаткан акчанын көлөмү болжол менен 1 миллиард сомдон ашты", — деди Букуев.
Ошондой эле адис учурда өлкөдө банк тармагы туруктуу өнүгүү жолунда болуп, көзөмөл катуу экендигин кошумчалады.