ЕЭК бизнеске жеңилдетилген каржылоо программасын пайдаланууну сунуштады

Мясникович ЕАЭБдин үлүшү дүйнөлүк экономикада өспөй жатканын айтып, муну инвестициялык активдүүлүк жай болуп жатканы менен байланыштырган. ЕАЭБдин мамлекет башчылары инвестициянын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү тапшырмасын коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович бизнес чөйрөсүндөгүлөрдү өнөр жайдагы кооперативдик долбоорлорду каржылоо программасын пайдаланууга чакырды.
ЕЭКтин маалымат кызматы билдиргендей, 28-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясы менен ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин ортосунда кызматташуу боюнча консультативдик кеңештин жыйыны болуп өттү. Анда Мясникович ЕАЭБдин үлүшү дүйнөлүк экономикада өспөй жатканын айтып, муну инвестициялык активдүүлүктүн темпинин жай болуп жатканы менен шарттаган.
ЕАЭБдин мамлекет башчылары инвестициянын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү тапшырмасын коюшкан, муну бизнестин жардамы жок ишке ашыруу мүмкүн эмес.
"Мясникович кийинки жылы биримдиктин бюджетинен кооперациялык долбоорлорду колдоого 20 миллион доллар бөлүү каралып жатканын белгиледи. Ал бизнес коомчулукту, өзгөчө жогорку технология чөйрөсүндөгүлөрдү долбоорлук ишке активдүү катышууга чакырган", — деп жазылат маалыматта.
ЕЭК коллегиясынын төрагасы жыл аягына чейин ЕАЭБди 2030 жана 2045-жылдарга карата өнүктүрүү декларациясын бекитүү күтүлүп жатканын айтып, документ бекитилген соң соода алакасындагы чектөөлөр азаят деген оюн билдирген.
Бишкектеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны
Мясникович: ЕАЭБде өсүү көрсөткүчтөрү мындан ары да уланышы керек