Пресс-борбор

ЕАЭБдеги интеграция адистикти жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган

Sputnik аянтчасында "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгы" деп аталган видеоконференция өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. ЕАЭБде жарандардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасынын кеңешчиси, юридика илимдеринин кандидаты Владимир Ковалев билдирди.
Ал Sputnik аянтчасындагы "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгы" деген аталыштагы видеоконференцияда сүйлөгөн.
Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагын алдыга жылдыруу боюнча документинде элдин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган интеграция тууралуу да жазылганын айткан. Бул үчүн биримдикте тиешелүү ченемдик негиздер иштелип чыккан.
"ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколдо юриспруденция жана педагогика тармагын өз ара таануу каралган. Быйыл Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында илимий даражалар боюнча документтерди таанууга кошумча тастыктоолорду жүргүзгөн процедурасыз (нострификация) эле өз ара таанууну караган келишимге кол коюлган. Бул иштегендер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган", — деген ал.
Ковалев комиссия аталган багыттагы демилгелерди колдой турганын айтып, Евразия тармактык университети түзүлгөнүн кошумчалаган.
ЕАЭБ рыногунда өзбекстандык продукция Кыргызстандыкы менен атаандаша алабы?