ЕАЭБ рыногунда өзбекстандык продукция Кыргызстандыкы менен атаандаша алабы?

Мода жана текстиль ассоциациясынын башчысы Зафарбек Сулайманов Кыргызстандын тигүүчүлөр кайсы жагынан күчтүү экенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда тигилген кийимдер ЕАЭБ рыногунда Өзбекстандын продукциясы менен атаандашпайт, себеби алар ар башка орундарда турат. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын Мода жана текстиль ассоциациясынын башчысы Зафарбек Сулайманов айтып берди.
Эске салсак, Өзбекстанда жеңил өнөр жай ыкчамдык менен өнүгүп келе жаткандыктан, бул өлкөнүн продукциялары ЕАЭБ рыногунда Кыргызстанда тигилген кийимдер менен атаандаш болот деген сактануулар айтылып келет.
Бул боюнча Сулаймановдун пикирин сурашкан. Ал Өзбекстан чындыгында эле аталган багытта жакшы кадамдарды жасап жаткандыгын белгилеген. Эгерде Кыргызстандын тигүү жана текстиль продукциялар экспорту 150 миллион долларга бааланса, Өзбекстандыкы 4 миллиард доллар.
Сулаймановдун айтымында, бул эки өлкөнүн продукцияларынын ээлеген орундары эки башка. Пахтадан жасалган трикотаж боюнча Өзбекстан лидер болуп, башка бир топ ири өлкөлөргө атаандаштыкты түзүп келет. Кыргызстан текстилден тигилген кийимдер боюнча (синтетикасы да бар) күчтүүлүк кылат. Кыргызстандын тигүү тармагы "ыкчамдыгы, креативдүүлүгү жана ийкемдүүлүгү" менен айырмаланат.
"ЕАЭБ рыногунда Өзбекстан менен атаандашпайт. Кээ бирде алардыкы менен кездешип калган учурлар болот, бирок тике атаандаштык жок", — деп кошумчалаган Сулайманов.
Соода-өнөр жай палатасы: Кыргызстан кымбат кийим тигүүгө өтүшү керек