БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы айылдардын бирине мечит курууга документтерди мыйзамсыз берген факт боюнча иш козголду.
УКМКнын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну Ч.М.Х үйүнүн короосуна өз алдынча мечит куруп алган.
Жалал-Абад облусундагы айылдардын бирине мечит курууга документтерди мыйзамсыз берген факт боюнча иш козголду.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
УКМКнын демилгеси менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин алкагында аталган жайдын иши токтотулуп, 7 500 сомдук административдик айып салынган.
Ага карабастан Ч.М.Х. башка айылдардын тургундарынын колдорун чогулткан. Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын, Жалал-Абад областынын казыятынын, Сузактагы "Кадастр" жана архитектура бөлүмүнүн жардамы менен айылда жума намазы окулган мечит (700 метр аралыкта) бардыгына карабастан, уруксат кагаздары берилген. УКМК аталган мечитте Кыргызстандын мыйзамдарында тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн зыярат кылуу фактылары болгонун билдирди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-берененин 1-бөлүгү ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголгон. Анын алкагында Барпы айыл аймагынын башчысынын, Сузактагы "Кадастр" жана архитектура бөлүмүнүн жетекчилеринин, Жалал-Абад облусунун казысынын, ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын (ДИМК) аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.
Андан кийин муфтият берген каттоо күбөлүгү жокко чыгарылып, мечит Сузак районунун Барпы айылынын тургундарынын муктаждыгы үчүн социалдык объектиге (ФАП же мамлекеттик дарыкана) айландырылмакчы.