12 жылдык окууга өтүү долбоору кайра көтөрүлүп, Жогорку Кеңеш артка кайтарды

Министр долбоордо жаңы системага өтүүнүн мазмундук модели даярдаларын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Билим берүүнүн стандарттарын өзгөртүп, 12 жылдык окууга өтүү боюнча долбоорду Жогорку Кеңеш кайрадан артка кайтарды.
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева программанын алкагында окуу китептери кайрадан иштелип чыгып, мугалимдер да даярдаларын билдирди. Бул иштерди жүзөгө ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 40 миллион доллар алуу боюнча макулдашуу ЖКнын кароосуна киргизилген. Анын жарымы кредит, жарымы грант. Долбоор "Секторду өнүктүрүү программасы: мектептеги билим берүүнү реформалоо" деп аталат.
Депутаттар мында балдарды 12-класска чейин окутуу камтылып калганына таң калып суроо узатышкан. Анда Кендирбаева мындай системага өтүүнүн мазмундук модели даярдаларын айтты.
"12-класс болсо, практика жүзүндө байкалбайт. Балдар азыркы эле жашында отурат. 70 баланы дагы бир жыл отургузууга мектептин кубаттуулугу жетишпейт. Кыргызстанда 0-класс расмий окутулуп, алар тамганы, эсепти билип келип жатат. 1-класска өткөндө аларды кайталабайбыз. Сааттар жылышып отурат да, 11-класска жеткенде кесиптик мектеп компоненти кирет. Жашы өзгөрбөйт. Азыркы турган турпатында мазмундук жылышуу болот", — деди министр.
Бирок ал парламентарийлерди ынандыра алган жок. Натыйжада макулдашууну ратификациялоо долбоору четке кагылды. 23 депутат "макул", 28и каршы добуш берди.
Аталган долбоорду былтыр декабрда ЖКнын тармактык комитети да артка кайтарган болчу.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүүнү биринчи окуудан колдоду. Ким кандай добуш берди?