Садыр Жапаров ипотека кезегиндеги 13 миң адамдын баары үйлүү болорун убадалады

Жапаров жакынкы жети жылда эл ипотеканы 4 пайыз менен аларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жакынкы эки жылда ипотека боюнча кезекте турган 13 миң адамдын баары турак жай менен камсыз болорун борбордо өтүп жаткан Жаштар форумунда сүйлөп жатканда айтты.
"Мен келгенде ипотекалык компаниянын саясатын өзгөрттүм. Андан бери 1500-2000 адам үйлүү болду. Азыр мамлекеттик ипотека боюнча турак жай алганга 13 миң адам кезекте турат, көбү мамлекеттик кызматкерлер. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары баарын батир менен камсыздап бүтөбүз", — деди президент.
Мамлекет башчысы 2030-жылга чейин жаштар болобу, мигрант же базарда отурган соода адамы болобу, каалагандардын баарына 4 пайыз менен ипотекалык үйлөр берилерин кошумчалады.
Ипотекалык үйлөр качан бүтөт? Садыр Жапаров курулушту күтүүсүз текшерип барды