Үйгө кирген уурулардан кантип сактанса болот? ИИМдин кеңеши

Укук коргоо органдары колдон келсе видеокамера орнотуп коюуну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги уурулар кандай учурда үйгө, батирге кирерин айтып, аны алдын алуу жолдорун сунушташты.
"Уурулар үйгө киши жоктон пайдаланып киришет. Алар кулпуларды бузуп, ачкыч жасап, алдыңкы эшиктерди бузуп, терезелерди ачып киришет", — деп айтылат маалыматта.
Уурулардын мындай иштерин алдын алуу үчүн ИИМдин кеңештери:
үйдөн кетердин алдында бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз;
видеокөзөмөл орнотуңуз;
эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, анда терезеге темир торлорду орнотуңуз;
балдарыңызга бейтааныш адамдарга эшикти ачпоону үйрөтүңүз;
сырттан келген бейтааныштарды киргизбеңиз. Эгерде адам өзүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, анын ким экенин текшерип, документтерди сурап, уюмга чалыңыз;
кире бериштин жана батирдин кире бериш эшиктери бекем жабылышы керек;
бышык эшиктерди орнотуңуз. Эшик сыртка ачылып, темир менен жабдылышы керек, кулпулар, жок эле дегенде эки түрдүү болушу зарыл;
кире бериште жарык болуп турганы оң;
мүмкүн болсо, узак убакытка кеткенде батириңиздеги эң баалуу буюмдарды үйдө сактабаңыз;
батирдин ачкычтарын килемдин астына, электр эсептегичтин бурчтарына же башка жерлерге, айрыкча эшиктин кычыгына калтырбаңыз.
Үйгө ууру кире албайт. Сактануу жолдору жана күзөт кызматынын номерлери