Sputnik Кыргызстан агенттигинде Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду. Биз СССРдин экономикалык модели жана анын кулашына себеп болгон шарттар тууралуу маектештик.
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
© Sputnik / Асел Акмат
— Cоветтер Союзунун экономикасы тууралуу сөз болгондо сөздү "ширеңке бир тыйын болчу" дегенден баштайт эмеспизби...
— Советтик экономиканын унутулуп баратканына карабай дагы эле байланыштабыз. Анткени ал империядан калган имараттар, инфраструктура, саламаттык сактоо, билим берүү системабыз бар. Изилдеп келгенде, советтик системанын бир топ артыкчылыктарын жана кемчиликтерин көрүүгө болот. Союз экономиканын жакшы иштебей калганынан улам (башка да себептери болгон — У. Мамытов) кулаган.
Советтик экономика бир нече фазадан өтүп, 3-4 түрү болгон. Алгач аскердик коммунизм системасы аксаган соң, Жаңы экономикалык саясат (НЭП) менен 5-6 жыл алектенишет. Ал да жакшы жыйынтык көргөзө албайт. 1930-жылы Иосиф Сталиндин бийликке келиши менен 1955-жылдарга чейин "сталиндик модель" орногон. Анан 1955-жылдардан 1980-жылдардын аягына чейин экономика бир топ өзгөрүлөт. Бул моделдер бири-биринен айырмаланат. Улуу Британия либералдык капитализм аркылуу өскөн. Бирок алардын өсүшү 100 жылдан ашык убакытты алган. ХIХ кылымдын экинчи бөлүгүндө Германия Улуу Британиядан калбай, чоң мамлекет болуу үчүн ич ара биригишет. Алар англичандардын 100 жылдык жолун 20 жылда басып өтүү үчүн капитализмдин башка моделин колдонушкан. Ошентип "мамлекет баарын колго албастан, чоң-чоң корпорацияларды өстүрүшү зарыл" деген саясаттын негизинде Англиядан озушат. Биринчи дүйнөлүк согуштун себеби да ошол болгон.
ХIХ кылымдын аягында Россия империясы да Германиянын моделин алууга аракет кылып көргөн. Мында Советтер Союзу 8 пайыз өсүш көргөзгөнү тарыхта бар. Бирок жаман жери чоң-чоң заводдор ошол француздардын, англичандардын колунда эле. Ошондуктан муну Россияга иштеген система катары айтууга болбойт. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Россия аябай чоң кризиске учурап, анын аркасы менен большевиктер Ленинге социалисттик идеологияны сунуштайт. Башында советтик экономиканын жол планы, стратегиясы жок болчу. 1920-1930-жылдары идеология болгону менен экономиканы кандай куруу керектиги тууралуу стратегия болгон эмес. Туура жол таба алышпай, бир катар катачылыктар кеткен. Кезегинде Иосиф Сталин менен Лев Троцкийдин пикирлери бир жерден чыкпай, бийлик талашат. Негизи Сталин практикалык экономиканын талабына ылайык моделди жактырган. Ал эми Троцкий социализмди колдоп, бүткүл дүйнө бир идеологиянын айланасына биригиши керектигин айткан. Лев Троцкий идеологияны мамлекеттен өйдө койгон. Ал эми Сталин "идеология догмага кирип кетиши мүмкүн, мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда" деген пикирди карманган. Анын убагында жеке ишканалар көп болчу. Аларды "Артель" деп атап, бир топ жумуш аткарышкан. Мисалы, эмеректердин көбүн эле артелдер жасашкан.
Бүгүн Сталиндин убагындагы экономиканын өнүгүшү тууралуу статистика да бар. 1960-70-жылдары Чыгыш Азиядагы өлкөлөр жакшы өнүккөн. Ал эми Сталиндин убагындагы экономика рекорд коюп ИДП 13 пайызга жеткен. Тарыхта мындай кайталана элек.
Улукман Мамытов: 1960-70-жылдары Чыгыш Азиядагы өлкөлөр жакшы өнүккөн. Ал эми Сталиндин убагындагы экономика рекорд коюп ИДП 13 пайызга жеткен. Тарыхта мындай кайталана элек.
— Буга кантип жетишкен?
— Бул тууралуу Гарвард университетинде жазылган материалдар бар. Улуту немец окумуштуу сталиндик экономиканын өсүшүн моделдер менен далилдеп көргөзгөн. Көрсө, экономика өсүш үчүн мамлекеттин ички экономикасы эле эмес, геосаясат да чоң фактор болот экен. Биринчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин чоң тыным болуп, көп көйгөйлөр ачык бойдон калды. Мисалы, ошол эле Германиянын көйгөйү. 1930-жылдары Сталин "биз тез-тез өнүгүп, курал-жарактарыбызды, техникабызды жакшыртпасак, батыш бизди кайра эле басып алат" деп айткан. Батыш басып өткөн жолду 10 жылдын ичинде өтүү максатын коюп, өндүрүшкө басым коёт. Анын айтканы так чыкты. Туура он жыл өтүп, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталды. Советтик өндүрүштүн "А" категориясына (согуштук куралдар, металлургия, химия, энергетика ж.б.) мамлекетке керектүү стратегиялык товарлар кирген. Калган тармактар "Б" категориясына (жеңил өнөр жай, тамак-аш ж.б. ) кирет. "А" категориясына кирген өндүрүштүн өсүшү 18 пайызды көрсөткөн. Ал эми "Б" категориясы 13 пайызга жеткен. Көптөгөн шаарлар курулуп, түндүк тарапка 5000дей завод салынат. Климатына байланыштуу Россиянын түндүгүнө жеке ишкерлер барбайт. Ошондуктан мамлекеттин ролу абдан чоң. Американы бир кезде кризис каптаганда бийликтин чакыруусу менен чоң-чоң ишканалар келип Советтер Союзунан акча жыйнап кетишкен. Мындан эки тарап тең утту. Америка жумушсуздуктан чыгып, каражат тапса, СССР алдыңкы батыштын компанияларынан (1930-1932-жылдары) бир катар тажрыйба алып, заводдорун салдырып, анан "рахмат" деп узатып койгон. Заводдорду империянын батышына эле курбай, бара-бара филиалдарын чыгышта да сала баштаган. Кыргызстан, Өзбекстандагы заводдор ошолордун копиясы болгон. Сталин согуш башталса душман Россиянын батышын биринчи талкалай турганын, заводсуз калышыбыз мүмкүн экенин билген. Ошондуктан ошол заводдорду көчүрүшүбүз керек деген чоң саясат жасаган. Анын натыйжасында Орто Азияда аябагандай көп завод курулуп калган. Согушта утуу үчүн курал-жарак эле эмес, мыкты экономика да болушу шарт. Ошондогу инерция менен биз эле эмес, Россия деле ушуга чейин жан багып келе жатат.
Улукман Мамытов: жер шарынын жарымын көзөмөлдөп баккан союздагы 15 республиканын эки-үчөө өзүн бакса, калгандары субсидияда отурушкан. Мисалы, ошол мезгилде Кыргызстан бир топ алдыга жылып өнүгүп кеттик.
— Сталиндик экономика модели согуштан кийин да улантылганбы?
— 1953-жылга чейин улантылган. 1955-жылы бийликке Никита Хрущёвдун келиши менен өзгөрүүлөр кире баштаган. Ал көрсө троцкийчил экен. Хрущёв дүйнө жүзүнө социалисттик-коммунизм идеологиясын жайылтабыз деп бир нече реформа жасап жиберип, чет өлкөгө көп жардам бере баштаган. Ал баарын мамлекет колуна алышы керек деген жүйө менен жеке ишканаларды (артелдерди — ред.) жаба баштаган. Элдин ишкердик энергетикасын бууп салгандыктан өлкөдө көмүскө экономика, спекуляция көбөйөт. Бул туурасында америкалыктар аналитикалык жакшы китеп чыгарды. 1980-жылдары Советтер Союзунун экономикасы кыйроого учурайт. Бизнеске жакын Кавказ менен Орто Азия элдеринде көмүскө экономика аябай өнүгөт. Сталиндин убагында МТСтер (Маши́нно-тра́кторная ста́нция) колхоз-совхоздордун техникасын карап тейлеген. Колхоздор бузулган трактор, комбайндар менен башын ооруткан эмес. Техника бузулса МТСтер келип оңдоп, аларга акчасын төлөп берип коюшчу. Ал эми Хрущёв МТСтерди колхоздорго таратып салган. Бул да экономикага сокку болгон. Мындай мисалдар көп.
— Кетирген катачылыктарды оңдоп кетүү мүмкүнчүлүгү бар беле?
— Ал кезде Америка менен Советтер Союзу дүйнөнү экиге бөлүп алып кароого кудурети жетчү. Жер шарынын жарымын көзөмөлдөп баккан союздагы 15 республиканын эки-үчөө өзүн бакса, калгандары субсидияда отурушкан. Мисалы, ошол мезгилде Кыргызстан бир топ алдыга жылып өнүгүп кеттик. Ал эми Украина Францияга салыштырууга мүмкүн болчудай потенциалга ээ эле. Башкаруу туура болсо келечеги башка болмок. Советтер Союзунун тарашынан Россия утту. Канчалаган өлкөнү каржылабай, каражаты республиканын ичинде калды. Союзда фундаменталдык илим күчтүү, бирок практикалык жактан бир топ кемчиликтер болгон. Ал эми Кытай менен Америкада практикалык илим күчтүү. 1990-жылдары кыйын илимпоздор чет өлкөгө кетип калды. Илимий-технологиялык жактан алсыроо СССРдин экономикасына таасир берген. Техника бир жерде турбайт. Догманын алдында калып, ийкемдүүлүгүн жоготкон Советтер Союзу башка мамлекеттердин техникалык өнүгүүсүнө караандабай калат. Анын үстүнө советтик элитанын балдары, неберелери 1970-80-жылдары чет өлкөлөргө барып, батыштын жашоосуна кызыгып, акырындап социалисттик идеологияны чанып кетишкен. Союздун кулашына ушул сыяктуу бир топ комплекстүү себептер бар.