“Романсиаданын” финалына Кыргызстандан Элгиз Бейшенбаев катышат

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында Москва шаарындагы “Романсиада” аттуу орус романсынын жаш аткаруучуларынын XXVII эл аралык сынагынын финалы өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги “Русский дом” билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын атынан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Элгиз Бейшенбаев катышат. Ал сентябрда “Русский дом” уюштурган Орто Азиянын VII "Романсиадасында" жеңүүчү болгон.
Финалга чыккандар классикалык, заманбап жана салон романстарын аткарышат. Элгиз биринчи турда Сергей Рахманиновдун "Как мне больно" романсын, экинчи турда Евгений Мартыновдун музыкасына жазылган " Белокрылый полет" чыгармасын, үчүнчү турда Борис Фоминдин "Пой, цыган" романстарын аткарат.
Финал Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө "Русский мир" өкүлчүлүгүнүн YouTube каналында түз эфирде башталат. Сынактын бардык спектаклдери менен гала-концерти 21:30да көрсөтүлөт.
Бишкекте Пушкиндин 225 жылдыгына карата көргөзмө ачылды