Путин: Россияга сырттан кандай кийлигишүү болбосун реакция жасалат

Путин санкциялык саясат ара жолдо калганын айтып, РФ көз карандысыз ишкерликти колдоону өркүндөтөрүн убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Сырттан кандай кийлигишүүлөр, чагымчылык болбосун өзүнө жараша реакция жасалып, ал Россияга каршы агрессия катары каралат. Бул тууралуу Владимир Путин билдирди.
Президент бүгүн Дүйнөлүк орус элдик соборунун пленардык сессиясында видеоконференция форматында сүйлөдү.
Россия лидеринин билдирүүсүнөн негизги учурлар:
русофобия жана расизм менен неонацизмдин башка формалары Батыш элитасынын расмий идеологиясына айланды;
санкциялык саясат ара жолдо калды, РФ көз карандысыз ишкерликти колдоону өркүндөтөт;
көп балалуу болуу салты сакталып, ал Россия эли үчүн кадимки көрүнүш болушу зарыл;
Россияда Үй-бүлө жылы деп жарыялоо — жалпы коомчулуктун позициясы;
революциялардын, жарандык согуштардын жана СССРдин урашынан сабак алышыбыз керек. Азыр эл андагы кемчиликтердин кээрин тартып жатат;
учурда Батышта гуманитардык билим берүүдөн баш тартуу практикасы колдонулууда, ал эми бизге маданий жашоодогу секирик керек;
Россиянын калкын көбөйтүү жана сактоо — биздин жакынкы он жылдыктагы жана кийинки муундун милдети.
Путин: русофобия жана расизмдин түрдүү формасы Батыштын идеологиясына айланды