БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Азыр биз Россиянын эле эмес, бүт дүйнөнүн эркиндиги үчүн күрөшүп жатабыз. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Анын айтымында, бир гегемондун диктатурасы кулап баратат: ал ачык көрүнө баштады жана дүйнө жүзүнүн көпчүлүгүнө түшүнүктүү болуп калды.
"Азыр биздин өлкө адилеттүү тынчтыкты орнотуунун авангарды болуп турат. Эгемендүү, күчтүү Россиясыз дүйнөдө эч кандай бекем, туруктуу тартиптин орношу мүмкүн эмес”, — деди Путин.
РФ лидери бүгүн Дүйнөлүк орус элдик соборунун пленардык сессиясында видеоконференция форматында сүйлөдү. Форумдун темасы “Азыркы жана келечектеги орус дүйнөсү” деп аталат.