БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Батышка Россия сыяктуу көп улуттуу мамлекеттин кереги жок, мындан улам ал русофобия менен расизмдин бардык формаларын РФ элдерине каршы колдонууда. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Дүйнөлүк орус элдик соборунда сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
“Бүгүнкү күндө русофобия, расизм менен неонацизмдин башка формалары Батыш элитасынын расмий идеологиясына айланып калды. Бул идеология орустарга эле эмес, Россияда жашаган элдердин баарына каршы иштөөдө”, — деди Путин.
Ал Батышка Россия сыяктуу көп улуттуу өлкөнүн кереги жок экенин белгиледи.
“Батышка Россия сыяктуу чоң жана көп улуттуу мамлекеттин кереги жок. Биздин көп түрдүүлүгүбүз, маданиятыбыздын, каада-салтыбыздын, этнос тилдеринин биримдигин алар түшүнө да, кабыл ала да албайт, улуттук жүзүбүздү жоготуп, басмырлап турсак дейт. Мындан улам Россия — элдердин түрмөсү, орустардын өзү кул мүнөз эл деген эски ырын кайрадан башташты. Канча кылымдан бери угуп келе жаткан сөз”, — деди Путин.