Соода-өнөр жай палатасы: Кыргызстан кымбат кийим тигүүгө өтүшү керек

Жеңил өнөр жайдагы негизги көйгөй — кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги. Бул маселе чечилсе тармактын мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын жеңил өнөр жайы премиум-класстагы продукция чыгарууга өтүшү керек. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев тигүү жана текстиль индустриясынын TEXPO I Улуттук форумунда сүйлөп жатып айтты.
Ал тармактагы көйгөйлөрдү талкуулоону сунуштаган.
"Биринчи маселе — кадрлардын жетишсиздиги. Премиум-класска өтүү үчүн биз адистерди даярдашыбыз керек", — деди Сариев.
Жетекчинин айтымында, "төмөнкү деңгээлде" атаандаштык абдан күч, Кыргызстандын катарында Кытай, Бангладеш, Мьянма жана башка өлкөлөр бар. Азыр жаңы деңгээлге көтөрүлүү зарыл. Бул үчүн кадрларды даярдоо шарт.
Сариевдин пикиринде, Кыргызстандын Мода жана текстиль ассоциациясынын төрагасы Зафарбек Сулайманов да кошулду. Ал тармактагы эң коркунучтуу көрүнүш — өз алдынча тигилген кийимдер (самопошив) экенин билдирди. Адистин айтымында, фабрикалык өндүрүш да жолго коюлганына карабай Кыргызстандагылар да, чет жактагылар да өлкөдө негизинен кийимдер өз алдынча тигилет деп эсептейт.
Өкмөт: ар бир 14үнчү кыргызстандык тигүү тармагында эмгектенет