Радио

2023-жылдын беш айында 63 миӊдей жаӊы жумуш орундары түзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова министрликте каттоодо турган жумушсуздардын саны жети пайызга кыскарганын айтты.
Sputnik
Акыркы эки жылда Кыргызстандын эмгек рыногунда жандануу болгону байкалууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлеринин көмөгү менен өлкөдө жумуш орундары көбөйүп жатат. Бул тууралуу Наргиза Туркебекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын беш айында 63 миӊден ашык жаӊы жумуш орундары түзүлдү.
"ЕАЭБде жумушсуздук 14,2 пайызга кыскарганы айтылды. Ал эми анын ичинде Кыргызстанда, статистикалык маалыматка ылайык, иш менен камсыз болгон жарандардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 2 пайызга өстү. 2021-жылы жумушсуздуктун деӊгээли 5,3 пайыз болсо, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 4,9 пайызды түзгөн. Ал эми министрликте каттоодо турган жумушсуздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайызга кыскарган. Бизде буга чейин 94 700 жумушсуз адам каттоодо турса, анын ичинен 14 138 кишини жумуш менен камсыздай алдык. Жумушсуз адамдарга кесибине жараша иш сунушталып, билими жокторго кесипке окутуу, кайра даярдоо аракеттери көрүлүүдө. Окуу учурунда стипендия төлөнүп берилет. Жалпы 5 965 жаран кыска мөөнөттүү кесипке окутулуп, 69 пайызын жумуш менен камсыздай алдык. Ал эми убактылуу жумушсуз болуп турган жарандарга атайын жөлөк пул берилет. Бул эмгек китепчесине иш стажы катары көрсөтүлүп, кийин пенсияга чыкканга жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат. Министрлик республика боюнча бардык бош орундар, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтар, ошондой эле жаңылыктар жана пайдалуу маалыматтар жайгаштырылган "Занятость" интерактивдүү веб-порталын ишке киргизген. Бул портал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Чек арасыз жумуш" автоматташтырылган издөө маалыматтык системасы менен интеграцияланган. Бул биздин өлкөдөн тышкары Россияда, Беларуста, Казакстанда жана Арменияда мыйзамдуу ишке орношууга мүмкүндүк берип жатат", — деди Туркебекова.
Ал кыргыз жарандарынын ЕАЭБ мамлекеттериндеги эмгек тажрыйбасы пенсияны каттоодо жана аны чегерүүдө эсепке алынып жатканы эӊ чоӊ жетишкендик экенин кошумчалады.