Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Депутаттар желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктү да өзгөртүүнү сунушташууда

Депутат убагында ата-бабалар төрт чамгарактуу түндүк көтөрүшкөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин спикери Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов ЖКнын конституциялык мыйзамдар комитетинде желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктүн чамгарагын да өзгөртүүнү сунушташты.
Демилгечилердин бири Улан Примов желектеги түндүктө үч чамгарак гана көрсөтүлгөнүн айтып, эми ал төрт болуп өзгөртүлө турганын белгилеген.
"Авторлор менен биргеликте ушул вариантты сунуштадык. Көрүнүшү да жакшы болот. Убагында ата-бабалар да ушундай түндүктү көтөрүп жүрүшкөн", — деген Примов.
Ал башка да мамлекеттер түндүгүн алмаштырганын мисал келтирген.
"АКШ туусуна 26 жолу, Испания сегиз ирет, Россия бир жолу өзгөртүү киргизгенин эске салабыз. Туунун айрым элементтери өзгөртүлгөндөн кийин туу түшүрүлгөн бардык документтерди тез арада өзгөртүүнүн кажети жок. Аларды мөөнөтү бүткөндөн кийин деле акырындык менен алмаштырса болот. Ага балким беш же сегиз жыл кетет", — деген депутат.
Депутат Дастан Жумабеков жаңы варианттагы туу 40 пайызга чейин өзгөрүп кетерин айтып, сынга алган.
Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинин мүчөлөрү тууну өзгөртүү сунушун бир добуштан колдоп, жалпы жыйында кенен талкуулай турган болушту.
Белгилей кетсек, буга чейин желектеги түндүктү курчаган күндүн нурун түз кылып өзгөртүү сунушталган.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Садыр Жапаров Кыргызстандын желегин өзгөртүү идеясын колдоду