Бишкек мэриясы чаңдан арылуу үчүн шаарды курчай бак тикмей болду

Аткаминер ыш түтүндөн эле эмес, Сокулуктан жана жогорку аймактардан келген чаңдан улам да күчөп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы чаңдан арылуу үчүн шаарды курчай бак тиге турганын вице-мэр Жыргалбек Шабыралиев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Ыш түтүндөн эле эмес, Сокулуктан жана жогорку аймактардан келген чаңдан улам да күчөп жатат. Совет доорунда талааларды айланта бактар отургузулчу, азыр анын көбү калбай калды. Борбор калаанын чек арадагы көчөлөрүнүн баарына бак тигели деп жатабыз. Долбоор боюнча буга 7,1 миллион сом каралган. Акча техникага, тамчылатып сугаруу системасына жана скважиналарга жумшалат", — деди Шамыралиев.
Белгилей кетсек, бул жыйында комитет "Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу" долбоору боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен түзүлгөн насыялык келишимдин долбоору жактырылды. Кыргызстан 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү бар 50 миллион доллар кредит алат.
Пресс-борбор
Бишкектеги ыш менен күрөшүү үчүн кандай иштер аткарылууда? Министрликтин жообу