Бишкектеги №33 мектепке бомба коюлганы айтылып, окуучулар кайра эвакуацияланды

Эске салсак, кечээ да окуучулар эвакуацияланып, саперлор ичин текшерип эч нерсе тапкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкектеги №33 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар кайра эвакуацияланганын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар кабарлады.
Маалым болгондой, жардыруучу зат тууралуу маалымат окуу жайдын электрондук почтасына бүгүн болжол менен саат 9:30да келген.
"Мектепте иштегендер милицияга чалып, ал жактагылардын баары эвакуацияланды. Жеринде укук коргоо органдары иштеп жатат",— деген ишенимдүү адамдар.
Эске салсак, кечээ да окуучулар эвакуацияланып, саперлор ичин текшерип эч нерсе тапкан эмес.
Мектепке бомба коюлду деп алдашкан. Милиция 14 жаштагы эки баланы кармады