Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык экс-чалгынчы: НАТО Киевди Россия менен эпке келүүгө үндөп жатат

Эксперттин айтымында, батыш лидерлеринин Киевге аскердик жардам берип жаткандай түр көрсөтүүдөн башка аргасы жок.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. НАТО Украинага жардам берип жаткандай түр көрсөткөнү менен көшөгө артында Киевге тынчтыкка келүүнүн мындан башка оңтойлуу учуру болбой турганын айтууда. Мындай пикирин АКШнын экс-чалгынчысы Скотт Риттер Gegenpol YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Украинага "тирешүүнү токтото турган учур келди, Батыш тынымсыз жардам көрсөтпөйт. Россия бул согушта жеңүүчү, биз буга таасир эте албайбыз, андыктан Украина кагылышууну бүгүн токтотушу керек, бүгүн — Украина үчүн эң жакшы күн, барган сайын абал оорлой берет" деп жатышат", — деди Риттер.
Эксперттин айтымында, батыш лидерлеринин Киевге аскердик жардам берип жаткандай түр көрсөтүүдөн башка аргасы жок, анткени бүгүнкү күндө жөнөтүлүп жаткан курал-жарактын саны согуштук аракеттерге эч кандай таасир эте албайт.
"Украинанын жеңилгенин баары эле мойнуна алып калды, мындан улам Батыш мамлекеттери Киевди абалды сүйлөшүү жолу менен калыбына келтирүүгө үндөп жатышат. Бул ЕБ менен НАТОнун жаңжал тууралуу айткандарынын баары карандай калп экенин айгинелейт", — деп сөзүн жыйынтыктады Риттер.
Батыш ЖМКлары АКШ менен Евробиримдик Украина маселесинен чарчай баштаганын, Зеленскийдин режимин колдоо барган сайын алсырап бара жатканын байма-бай жаза башташты. NBC телеканалынын маалыматы боюнча, америкалык жана европалык чиновниктер Киевдин Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы жана эпке келүү үчүн Украина эмнеден баш тартышы мүмкүн болору тууралуу кеп кылышууда.
"Ойгонолучу!" Францияда Россия боюнча күтүүсүз сунуш айтылды