Камикадзе-катердин куралдардын катарына кошулчу күнү алыс эмес. Видео

Жаңы техниканын 600 килограмм жардыргычты 200 чакырымга чейин жеткире турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Сууда жүрүүчү Россиянын экипажсыз камикадзе-катерин РФтин Аскер-деңиз флотунун куралдуу күчтөрү 2023-жылдын соңуна чейин сынайт. Аны менен катар эле куралдардын катарына киргизип, "ишке салышат".
Sputnik Ближнее зарубежье Кронштадттагы МВМС-23 аскер-деңиз салонундагы пилотсуз аппарат боюнча видео тараткан.
Маалыматта жаңы техниканын 600 килограмм жардыргычты 200 чакырымга чейин жеткире турганы айтылган. Ылдамдыгы саатына 80 чакырым дешти. Ал портторду, думшмандын кемелерин талкалап жана каршылашын акваториясын бөгөй алат.
Камикадзе-катерди "Визер" деп аталган экипажсыз жүрүүчү катеринин модулунун үлгүсү менен түзүшкөн. Анын негизи — айнек менен пластиктен жасалган кабы. Буга ар кыл пулеметтун, ракетанын турелинен тарта чалгындоочу аппараттыкына чейин модулдарды кое берсе болот.
Кингисепп машина куруу заводунун директору Михаил Даниленконун маалыматына таянсак, жаңы дрондорду жергиликтүү материалдарды, электроникаларды пайдаланып жасашмакчы.
Су-75 Checkmate истребителин 2025-жылга чейин жасап бүтүшөт