Соцфонд эмдиги жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүүнү пландоодо

Кыргызстанда пенсиянын орточо суммасы 9 300 сомду түзөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кийинки жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы мекеме пенсияны 8 пайызга көбөйтүүнү пландаган, бирок алар аны 38 пайызга жогорулатууга жетишкен.
"Пенсияны жогорулатууга 1-октябрдан бери кошумча 3 миллиард 905 миллион сом каралган. Бул максатта 2024-жылы дагы 16 миллиард сом бөлүү пландалууда. Бардыгы биздин финансылык мүмкүнчүлүгүбүздөн көз каранды болмокчу", — деген Алиев.
Ал Кыргызстанда орточо пенсия 9 300 сом экенин кошумчалаган.
Шарты катаал аймактагы бөбөктөргө 5000 сомдон кем эмес пособие берүү сунушталды