Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Туткунга түшкөн каршылашын куткарган россиялык жоокердин видеосу

Видеодон Один каймана аты бар россиялык аскердин украиналык туткун менен болгон диалогун угууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн жоокери туткунга түшкөн украиналык куралдашын куткарып, жааган октун алдынан сууруп чыккан. Бул туурасында видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Маалыматтарда бул окуянын Артемовск (Бахмут) багытында, тагыраагы, айыгышкан кармаш жүргөн Клещеевка аймагында болгону айтылат. Каршылаш тараптын жоокерин туткунга түшүрүү сактап, аман алып калуу операциясы менен аяктаган.
Видеодон Один каймана аты бар россиялык аскердин украиналык туткун менен болгон диалогун уга аласыз. Бутунан жаракат алып сойлоп калган жоокердин каршылаш экенине карабай адамгерчилик кылып, кайраттандырып жатканын байкоого болот.
Маалыматтарда бул окуя тууралуу тасманы атайын операцияны чагылдырып жүргөн аскерий кабарчы Дмитрий Зименкин жарыялаганы айтылган.
Теги: дүйнөдө Россия атайын операция Украина жоокер туткун жарадар Артемовск Дмитрий Зименкин
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык туткунду мина талаасын көздөй басууга мажбурлашкан. Видео