Россиялык мекендештердин Бишкектеги Х конференциясы кандай өттү? Видео

Ишембиде, 25-ноябрь күнү, Бишкекте жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялык мекендештердин X регионалдык конференциясы болуп өттү. Иш-чара РФ ТИМи менен Чет жактагы мекендештердин иши боюнча өкмөттүк комиссиянын колдоосу менен уюштурулган.
Sputnik
Ачылыш аземи Plaza Hotel Bishkek мейманканасында өткөн конференцияга 12 өлкөнүн өкүлдөрү келди. Катышуучуларга РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин кайрылуу жолдогон. Ал өз сөзүндө Россия элдердин өз ара алакасын бекемдөөгө, Россиянын башка достук мамиледеги өлкөлөр менен карым-катышын чыңдоого багытталган иш-аракеттерди колдоого даяр экенин белгиледи.
Кийинки конференция 2024-жылы Өзбекстанда өтөт.
Тема боюнча:
Россия элдердин ынтымагын арттыруу үчүн маданий-гуманитардык колдоосун улантат