БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилигинде Ленинград блокадачыларын мааракелик медалдар менен сыйлоо аземи өттү.
Иш-чара Невадагы шаар фашисттик блокададан толук бошотулганынын 80 жылдыгына арналган.
Сыйлыктарды Санкт-Петербург өкмөтүнүн тышкы байланыштар боюнча комитетинин башчысынын биринчи орун басары Сергей Марков тапшырып, Бишкек сыйлык тапшыруу аземин өткөргөн биринчи шаар болгонун белгилеген.
"Дүйнөнүн 40тай мамлекетинде 2 300 Ленинград блокадачысы жашайт. Мааракенин урматына шаар бийлиги сыйлык тапшыруу боюнча токтом кабыл алган. Аны бардык блокадачылар алышмакчы. Ленинград фашисттик блокададан толук бошотулганынын 80 жылдыгы — биз үчүн чоң майрам, ыйык күн. Шаардын коргоочулары, баатырлар дайыма эсибизде", — деген Марков.
Ленинград блокадачылары кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов улгайып ал-күчтөн тайып турганына карабай сыйлык тапшыруу аземине 11 блокадачы келгенин билдирген.