Депутат жетим балдарга эсеп ачып акча салууну сунуштады. Ал кандай иштейт

Топтолгон сумманы балдар турак жай алууга, окуу акысына же оор илдетке чалдыкса дарыланууга жумшаса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ата-энесинен айрылган (тоголок жетим) балдарга "Келечек муун үчүн фонд" топтолмо жөлөк пулун киргизүүнү демилгеледи.
Анын жазган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Сунуштамага ылайык, мамлекеттик банктан эсеп ачылып, ага кайрымдуулук фонддор жана башкалар ыктыярдуу негизде белгилүү бир сумманы сала алышат. Ал эми мамлекет тарабынан жөлөк пул берүү тартиби жана өлчөмүн министрлер кабинети аныктайт. Бирок суммасы 10 миң сомдон төмөн болбошу керек.
Топтолгон сумманы балдар өзүнө турак жай сатып алуу үчүн (Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасы боюнча), окуу акысына, кымбат диагностиканы же хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган медициналык кызматтарды төлөөгө жумшаса болот.
Бишкекте фостердик үй-бүлө ачууну каалагандар кайда кайрылса болот? Телефондор