Киши чарчап, алы кетип, жалкоолонуп эч нерсе жасагысы келбей калса эң эле биринчи бул көрүнүш аз кандуулуктан кабар берерин Индира Алдосова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уйкунун аздыгы баш ооруну жаратат.
"Бүгүнкү күндө айрым студенттер күндүз окуп, түнкүсүн иштеп ден соолугун бузуп алып жатышат. Алар өз учурунда уктабай, тамактанбай ар кандай оорулардын күч алышына өбөлгө түзүүдө. Негизи эле адам эч нерсени каалабай, эч нерсе кылгысы келбей жатса, бул аз кандуулуктан кабар бериши мүмкүн. Мындай учурда сөзсүз гемоглобинди текшертип коюу шарт. Киши бат эле чарчап, тез-тез уйкусу келип жатса анемия болушу мүмкүн. Алсыздыкты, жалкоолукту жана чарчоону жеңиш үчүн туура тамактанып, уйкуну кандырып, көнүгүүлөрдү жасап, кыймылда болуу кажет. Уйкунун бузулушу ар кандай оорулардын пайда болушун шарттайт. Өзгөчө баш ооруну жаратат", — деди дарыгер.
Ал күз айларында витаминге бай тамак-аштарды жеш керектигин кошумчалады.