БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Үч жылдын аралыгында Бишкек шаарын толугу менен газдаштыруу пландалып жатат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн "Бийлик Бишкектин жаңы конуштарын газдаштырууну кантип илгерилетет" деп аталган брифингге катышкан.
Алдаяровдун айтымында, компания иштегенден бери 53 калктуу конушка газ кирип, 1 250 чакырым бөлүштүрүүчү газ түтүктөрү курулуп, 53 миң үй көгүлтүр отко туташкан. Быйыл инвестициялык программа боюнча бир жаңы конуш менен бир айылды газга кошуу пландалган, бирок экологиялык абалдан улам жана электр түйүндөрүнүн жүгүн азайтуу үчүн 11 объектиге газ киргизүү чечими кабыл алынган. Булардын бир катар бөлүгүнө көгүлтүр газ берилди.
"2023-жылы Бишкек мэриясы менен жол картасына кол койдук. Анын алкагында алдыдагы үч жыл ичинде Бишкекти толугу менен газдаштырып бүтөбүз", — деди Алдаяров.
Ал министрлер кабинети менен биргеликте газга кошулуу үчүн мамлекеттик банктар аркылуу жеңилдетилген насыя алуу маселеси иштелип чыкканын кошумчалады. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын жана "РСК Банк" ААКтын өкүлдөрүнүн турак жайларды газдаштыруу боюнча калк менен жолугушуулары өткөн.
12 Тогуздун айы 2023, 17:12