"Чет элдиктерди тейлешкен". УКМК дагы 10 сойкукана табылганын билдирди. Сүрөт

Чет элдиктер менен төшөк мамилесине 18 жаштан 25 жаштын ортосундагы 67 кыз тартылганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМК мындан бир нече күн мурда Бишкекте жана анын чет жакасындагы шаарчалардан 10 сойкукананы тапкан. Андан сырткары, бир салондон да мындай кызмат көрсөтүлөрү аныкталганын аталган комитеттен билдиришти.
1 / 2

УКМК мындан бир нече күн мурда Бишкекте жана анын чет жакасындагы шаарчалардан 10 сойкукананы тапкан

2 / 2

Андан сырткары, бир салондон да мындай кызмат көрсөтүлөрү аныкталганын аталган комитеттен билдиришти

"24-ноябрда жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Шопоков, Кант, Токмок шаарларында, Сокулук, Беловодское айылдарында жайгашкан даректерде сексуалдык кызмат көрсөтүүчү сойкуканалардын иштеп жатканы катталды", — деп билдиришти.
Бул жайларды караоке-клуб деп атап алышып, Түштүк Корея жана Кытайдын жарандары үчүн интимдик кызмат көрсөтүлгөнүн айтышты. Сойкулукка 18 жаштан 25 жаштын ортосундагы 67 кыз тартылганын билдиришти.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен "сутенёр" аталган жети киши кармалган. Ал мекемелердин ээлери, уюштуруучулары жана администраторлору Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Учурда жогоруда аталган сойкуканалардын мыйзамсыз иштерин калкалоого катышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында кошумча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", — дешти комитеттен.
Эске салсак, 13-ноябрда Бишкекте жаш кыздарды официант катары ишке алдап алып, коркутуу, опузалоо жана финансылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга аракет кылган жай табылганы боюнча маалымат тараган. Бул окуядан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев реакция кылып, сойкулук маселесине токтолуп, билим алууга шаарга жиберген кыздарына, студенттерге көз салууну ата-энелерге эскертерин айткан.
УКМК сойкулукка тартуу жана интимдик жайларды уюштуруу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
УКМК: Бишкекте 10 сойкукана табылып, уюштуруучулары камакка алынды