Бишкектин бюджети кийинки жылы канча болот? Долбоор

Быйылкы бюджет 22,9 миллиард сом деп божомолдонгон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин сайтында ордо калаанын кийинки жылга бюджети жарыяланган.
2024-жылга капиталдык бюджетти киреше-чыгашасын эске алып 21 миллиард 581,5 миллион сом өлчөмүндө бекитүү сунушталууда.
Анын ичинде:
Шаардык бюджет — 9 миллиард;
Ленин районунун бюджети — дээрлик 3,7 миллиард;
Октябрь районунун бюджети — дээрлик 3 миллиард;
Биринчи май районунун бюджети — дээрлик 3,4 миллиард;
Свердлов районунун бюджети — 2,8 миллиард.

2023-жылдын бюджети

Бишкек шаарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрү быйылкы жылга болжол менен 18 миллиард 390 миллион сом деп божомолдонгон. Дагы 3,8 миллиард сом республикалык бюджеттен бөлүнөрү айтылган. Келерки жылдын бюджетинде республикалык казынадан канча каражат бөлүнөрү көрсөтүлгөн эмес.
90%ын жойдук. Садыр Жапаров коррупция жана тышкы карыз тууралуу