28-ноябрга карата аба ырайы

28-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 28-ноябрь, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19....+21, Таласта +14...+19, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +6...+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +19...+21, Ош шаарында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.
Пресс-борбор
Бишкек үч жылда газдаштырылып бүтөт