Шойгу: ЖККУнун Абадан коргонуу системасы дээрлик түзүлүп бүттү

Россия уюмга мүчө мамлекеттердин ар бири менен өзүнчө келишим түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. ЖККУ өлкөлөрүнүн биргелешкен Абадан коргонуу системасы дээрлик түзүлүп бүттү. Россия уюмдун ар бир мүчөсү менен келишим түзгөн, эгер зарылдык жаралса анын баары документтештирилет. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу "Россия-1" каналындагы "Москва. Кремль. Путин" программасында айтканын РИА Новости жазды.
"Система эки тараптуу деңгээлде түзүлдү. Мамлекеттердин ар бири келишим түзгөнбүз. Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, анан, албетте, Беларусь менен эки тараптуу келишим бар", — деди ал.
Министрдин айтымында, система бардык жабдуу менен жабдылган, иштеп жатат, байма-бай окуу-машыгуулар өтүп келүүдө.
Учурда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.
Путин: ЖККУ алкагында чогуу иш алып баруу өлкөлөр ортосунда ынтымакты бекемдейт