Акылбек Жапаров британиялык компаниянын заводун Кыргызстанда ачууга макулдашты

Учурда бул компаниянын продукциялары дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетине экспорттолот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кардифф шаарында Concrete Canvas компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал заводдун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, тажрыйбалары менен бөлүшкөн.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кардифф шаарында Concrete Canvas компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолукту.

2 / 4

Ал заводдун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, тажрыйбалары менен бөлүшкөн.

3 / 4

Бийликтин маалыматына ылайык, мында жумшак композиттик бетон баракчалары чыгарылат.

4 / 4

Ал материалдар каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулуу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт.

Бийликтин маалыматына ылайык, мында жумшак композиттик бетон баракчалары чыгарылат. Ал материалдар каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулуу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагында колдонуунун натыйжасы жогору.
"Мындагы материалдар алдыңкы технологиялардын жардамы менен чыгарылып, бардык талаптарга жооп берет. Учурда заводдон продукциялары дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетине экспорттолот. Ишкерлер кызматташууга кызыкдар экенин айтып, Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга даярдыгын билдиришти", — деп жазылат маалыматта.
Өз кезегинде Жапаров инвестиция салууга кызыкдар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги ар тараптан колдоо көрсөтөрүн жана маселени ыкчам чечүүнү колго аларын убадалаган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын арада Кыргызстандын аймагында Concrete Canvas компаниясынын заводун куруу мүмкүнчүлүгүн кароого макулдашышкан.
800 млн. доллар. Ысык-Көлгө салынчу күн электр станциясы тууралуу