Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги бүгүн түнү Украинанын 11 дронун атып түшүрдү

Маалыматта мындай чабуулдар дээрлик күн сайын жасалып келери белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россиянын Абадан коргонуу күчтөрү Москва, Тула, Калуга жана Брянск облустарынан учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлап, маалыматты РИА Новости чыгарды.
"Бүгүн түнү Киев режиминин учкучсуз аппараттары менен Россия Федерациясынын объектилерине террордук чабуул жасоо аракетине бөгөт коюлду. Абадан коргонуу күчтөрү менен Москва, Тула, Калуга жана Брянск облустарынан учкан 11 дрон жок кылынды", — деп айтылат кабарда.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок, олуттуу кыйроолор да катталган эмес. Ыкчам кызматтар дрондор кулаган жерде иштеп жатышканы белгиленди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон башчысынын мурдагы кеңешчиси Зеленскийге жагымсыз кабар айтты