Садыр Жапаров бүгүн Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө түштөндү. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнө барды. Бул туурасында маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчы аталган жайдын материалдык-техникалык базасын, анын ичинде жоокерлердин жашоо шарттарын көрүп чыкты.
Президент менен коргоо министри Бактыбек Бекболотов аскердик милдетин өтөп жаткандардын тамактануу рациону менен таанышып, өздөрү да жеп көргөн. Жапаров жоокерлердин тамак-ашы белгиленген нормада берилерине ынанып, бул маселеге өзгөчө көңүл бурууну талап кылган.
Ипотекалык үйлөр качан бүтөт? Садыр Жапаров курулушту күтүүсүз текшерип барды