Россия элдердин ынтымагын арттыруу үчүн маданий-гуманитардык колдоосун улантат

Дипломаттын кайрылуусун РФтин Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Вадим Гусев окуду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россия элдердин жылуу мамилесин арттырууга багытталган көп пландуу маданий-гуманитардык ишмердүүлүктөрдү колдоосун уланатат. Бул туурасында РФтин тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин билдирди.
Бишкекте 25-ноябрь күнү "Жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялык мекендештер — коомчулуктардын бирдиктүү тагдыры" аталышында конференция өттү. Анда Галузиндин кайрылуусун РФтин Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Вадим Гусев окуду.
"Чет өлкөлөрдө Россиянын натыйжалуу образын колдоого көмөктөшүүңүздөрдү жогору баалайбыз. Бул жолугушууда жакынкы чет өлкөлөрдөгү мекендештердин уюмдарынын ишин, аны мындан ары да жакшыртуу ыкмалары боюнча сунуштарды карайсыздар деп ишенем. Ал эми биз тараптан Россиянын өлкөлөрдөгү региондор менен достук мамилесин жана элдин ынтымагын арттырууга багытталган көп пландуу маданий-гуманитардык ишмердүүлүктү улантабыз", — деген Галузин.
Ал конференция россиялык диаспоралардын потенциалын ачууга жана тарыхый мекени менен байланышты бекемдөөгө өбөлгө болоруна үмүт артты.
Белгилей кетсек, иш-чарада тарыхый эстеликтерди сактоо, россиялыктардын укугун коргоо, орус тили аркылуу орус дүйнөсүн сактоо сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды.
Кыргызстан элдеринин ассамблеясынан орус тилинин маанилүүлүгүн белгилешти